Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

30-июндун аба ырайы


30-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 28…30° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG