Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин козголоң токтогондон кийинки алгачкы аудио кайрылуусун жарыялады.
26-июнда Пригожиндин басма сөз кызматынын Телеграм каналы тараткан билдирүүдө ал кайда экенин ачык айткан жок. "Вагнерчилер" орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгиледи.
11 мүнөттүк кайрылууда Пригожин: "Биз жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштадык", - деди.
24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.
"Вагнерчилер" Орусиянын Украинадагы согушуна жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.
Анын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.
Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.
Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, "ал Беларуска кетерин" билдирген.
Пригожинге Куралдуу козголоң уюштуруу беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.