Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Украин президенти Владимир Зеленский Донецк облусуна барды


Владимир Зеленский, архив сүрөт.
Владимир Зеленский, архив сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский иш сапары менен Донецк облусуна барды. Бул тууралуу 26-июнда мамлекет башчынын кеңсеси кабарлады.

Маалыматка ылайык, Зеленский Бахмуттагы оор салгылашууларда өзгөчөлөнгөн "Хортица" ыкчам-стратегиялык аскерлер тобу менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Зеленский алар менен жолугушуу чоң сыймык экенин айтып, мекенди коргоодогу эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Акыркы айларда айыгышкан салгылаш болгон Бахмут аймагында украин аскерлеринин алдыга жылып баратканын Киев бир күн мурун маалымдаган.

Украин армиясы июндун башынан бери тогуз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялады.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган согушта БУУнун эсебинде украиналык тогуз миңдей жайкын тургун набыт болду. Андан тышкары, эки тараптан миңдеген аскер каза тапты.

Днепрдин сол жээгиндеги Херсон облусунда да салгылашуу жүрүп жатат. Орус жана украин Телеграм каналдары кыйраган Антонов көпүрөсүнүн аймагында украин аскерлери Днепрди кесип өтүп, орустар көзөмөлдөгөн сол жээкте күч топтогонун жазышты.

Херсондун Орусия дайындаган башчысы Владимир Салдо андай маалыматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG