Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Түркия менен Швециянын ортосунда НАТОго байланыштуу сүйлөшүү болот


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун Вильнюста өтүүчү саммитине чейин Швеция менен Түркиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу уюштурулат. Брюсселде пландалган бул жолугушууда Швециянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү талкууланат. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг 26-июнда билдирди.

Анын айтымында, жыйынга тышкы иштер министрлери, чалгын кызматтарынын жетекчилери жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер катыша турганын Reuters агенттиги жазды.

"Максат - Швециянын НАТОго кошулуусун жыйынтыктоочу прогресске жетишүү" - деди Столтенберг журналисттерге Вильнюстагы иш сапары учурунда.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен чогуу НАТОго кирүү арызын берген Швеция боюнча чечим белгисиз.

Венгрия менен Түркия бул өлкөнүн уюмга кирүүсүнө байланыштуу токтомду ратификациялабай, бир катар талаптарды койгон. Анкара швед бийлиги Түркияда террорчулукка айыпталып, Швецияда бозгунда жүргөн күрд активисттерин берүүнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG