Кыргызстандын Финансы министрлиги "Кабар" улуттук маалымат агенттигин каржылоого мамлекеттик бюджеттен 6,9 миллион сом бөлүүгө уруксат сурап, Жогорку Кеңешке кайрылды. Маселени парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 26-июнда карады.
Депутат Дастан Бекешев министрликтин сунушуна каршы чыкты.
"Биз мамлекеттик маалымат каражаттарын каржылоо үчүн дайыма бюджеттен акча бөлүп келебиз. "Пирамида", "Бешинчи каналга" да былтыр ар бирине 20 млн. сомдон бөлүнгөн. Аягы эмне болду? Банкрот. Эми "Кабар" деле ошолордун жолоюна түшпөйт деген кепилдик барбы?"
Дастан Бекешев улуттук маалымат агенттигин окугандар аз экенин, ага караганда жеке маалымат агенттиктери көбүрөөк окуларын кошумчалады.
"Кабар" маалымат агенттигинин төрагасы Медербек Шерметалиев агенттиктин техникалык жабдуулары эскиргенин, аны жаңылоо үчүн каражат зарылдыгын айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин сөзүнө караганда, 2023-жылы "Пирамида" менен "Бешинчи каналга" бюджеттен акча бөлүнгөн эмес.
Аягында комитеттин мүчөлөрү министрликтин өтүнүчүн канааттандырган чечим кабыл алышты.
“Кабар” агенттиги Кыргызстан СССРдин курамына республика болуп киргенден бир жылдан кийин 1937-жылы союздук республиканын атрибуту катары “КырТаг” деген ат менен уюштурулган.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин “Кабар” деп өзгөртүлгөн. Агенттиктин жаңылыктары kabar.kg сайтында жайгаштырылат, маалымат жыйын өткөрүү залы бар.(ZKo)