Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Украина Ровнопол кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун жарыялады


Украин армиясынын жоокери жана аскердик техникасы.
Украин армиясынын жоокери жана аскердик техникасы.

Украинанын армиясы Донецк облусундагы Ровнопол кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун 26-июнда коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазып, "Алга карай бара жатабыз" - деди.

Согушка чейин 100гө жакын калкы блгон бул чакан конуш бошотулса, украин күчтөрү Донецк жана Запорожье облустарында алдыга жылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк болору айтылган. Орусия буга комментарий бере элек.

Днепрдин сол жээгиндеги Херсон облусунда да салгылашуу жүрүп жатат. Орус жана украин Телеграм каналдары кыйраган Антонов көпүрөсүнүн аймагында украин аскерлери Днепрди кесип өтүп, орустар көзөмөлдөгөн сол жээкте күчүн топтогонун жазышты.

Херсондун Орусия дайындаган башчысы Владимир Салдо муну четке кагууда.

Украина бийлиги ал жактагы салгылашуулар тууралуу расмий маалымат бербейт.

Украин армиясы июнь айынын башынан бери сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында бастырып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган согушта БУУнун эсебинде украиналык тогуз миңдей жайкын тургун набыт болду. Андан тышкары, эки тараптан миңдеген аскерлер каза тапты.

XS
SM
MD
LG