Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга жүк ташыган поездин жөнөттү


Ирандын Бандар-Аббас порту.
Ирандын Бандар-Аббас порту.

Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга контейнер поездин жүргүзө баштады. "Узтемиржолконтейнер" кабарлагандай, Сиямен портунан чыккан поезд тиричилик техникасын жүктөп, Ташкенттеги Сергели станциясына келет. Бирок ал качан жолго чыкканы айтылган жок.

Контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилип, андан соң порттогу темир жол платформаларына жүктөлүп, Түркмөнстан аркылуу Өзбекстанга жетет.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги Кытайдын Ланжоу станциясынан Ташкентке блок поезди жөнөтүлгөнүн, бул каттам "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" транспорт коридорунда жүк ташуу максатында башталганын айткан.

XS
SM
MD
LG