Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары дары-дармек жеткирди


Ооганстанга Кыргызстандан жеткирилген гуманитардык жардам. 24-июнь, 2023 Сүрөт УКМКныкы.
Ооганстанга Кыргызстандан жеткирилген гуманитардык жардам. 24-июнь, 2023 Сүрөт УКМКныкы.

Кыргызстандан дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам Ооганстанга 24-июнда жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Дары-дармектердин аталышы жана анын суммасы айтылган эмес.

Маалыматка ылайык, гумжардам ооган элине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын борт менен жеткирилген. Ооган тарап Кыргызстандын элине жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирген.

Жыл башында Ооганстанда калктын жарымы тамакка жетпей жатканын, тамак-аш тартыш экенин Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жарыялаган. 2021-жылы августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан кийин эл аралык жардам токтоп, андан бери миллиондогон киши жакырчылыкка батты.

"Талибан" Кабулда бийликти басып алгандан кийин Кыргызстан оогандыктарга буга чейин дагы гуманитардык жардам жеткирген.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Бишкекте өткөн “Ооганстандагы кырдаал: "Орусия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деген конференцияда Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса, Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG