Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

Парламенттин жанында Мадумаровдун тарапташтары акцияга чыгышты


ЖК депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев акциянын катышуучулары менен. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
ЖК депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев акциянын катышуучулары менен. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин карап жаткан кезде, парламенттин алдында Мадумаровдун тарапташтары наарызылык акцияга чыгышты.

Анын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттарын Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөөгө чакырышты.

"Адахан Мадумаровдун мандатын парламент да, Башкы прокуратура да ала албайт. Анын мандатын алуу маселесин Мадумаровду шайлаган эл чечет. Муну эл өкүлдөрү эмес, комиссия дагы эмес, эл чечиши керек", - деди акциянын катышуучуларынын бири Венера Мусаева.

22-июнда Жогорку Кеңеш Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү маселесин жабык карап, макулдугун берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчилигине тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 61 депутат макулдугун берип, 17си каршы болгон. Эки депутат - Тазабек Икрамов менен Айбек Осмонов отурумдан чыгып кеткен.

Адахан Мадумаров кесиптештеринин чечимин "жогору жактан түшкөн буйрукту аткаруу" деп сыпаттады.

31-майда спикер Нурланбек Шакиев Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген. Бул комиссия үч аптадан ашык иштеп, бүгүн Мадумаровду жоопко тартуу макул болгон жыйынтык чыгарган.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Былтыр да кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG