Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Түркия: муздаткычтан төрт түркмөн мигранттын сөөгү табылды


Түркиянын Milliyet басылмасы жарыялаган сүрөт.
Түркиянын Milliyet басылмасы жарыялаган сүрөт.

18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылды. Жергиликтүү маалымат каражаттары түркмөн аял, анын эки кызы жана дагы бир түркмөн жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү муздаткычтан табылганын жазууда.

Түрк полициясы бир күндөн кийин бул үрөй учурган кылмышка шектүү катары түркмөнстандык жаранды камакка алганы белгилүү болду.

Жекшембиде Измир шаарынын Байраклы районундагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылганын жергиликтүү телеканалдар кабарлады. Көп өтпөй шаар бийлиги маалыматты ырастады.

Киши колдуу болгон аял, анын эки кызы жана бир эркек киши экени аныкталган. Полиция төртөө тең түркмөнстандыктар экенин жакындары аркылуу аныктаган.

"Ахабер" телеканалы үрөй учурган кылмыш бул аймакта биринчи жолу катталганын, киши колдуу болгон Гүлкамар Ханымова, кыздары Лейла жана Лачин менен бир канча жылдан бери ижарага алган батирде жашап келгенин кабарлады. Стамбулдагы туугандары алар кабарсыз болуп калганда полицияга кайрылган. Кийин полиция үйгө киргенде жиликтенген сөөктөрдү муздаткычтан тапканын билдирген.

Түркиялык басылмалар жазгандай, полиция кылмышка шек саналган түркмөнстандык мигрантты бир күндөн кийин кармады. Ага Измир прокуратурасы "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен иш козгоп, камакка алган.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы окуя боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Түркмөнстандын Анкарадагы элчилиги менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Түркияда жашаган активист Дурсолтан Таганова бул кылмыш иши кызганычтын кесепети болушу мүмкүн экенин, ансыз деле түркмөн мигранттарынын психологиялык абалы начар деп айтып берди.

Дурсолтан Таганова.
Дурсолтан Таганова.

"Түркмөнстандыктар мекенинде деле психологиялык жаракат алса, эч качан адистерге кайрылышпайт. Ал эми чет өлкөдө жүргөн мигранттарга эки эсе оор. Измирдеги окуя кызганычтан келип чыкты деп уктум. 10-15 жылдан бери Түркмөнстанга баралбай иштеп жүргөндөр бар".

Он күн мурун эле Измир аймагында дагы бир түркмөнстандык киши колдуу болгон. Анда фермада чабан болуп иштеген 51 жаштагы Номатгелдини мылтык менен атып кетишкен. Ферманын кожоюну оор жарат алган.

Түркияда түркмөн мигранттары кириптер болгон бул сыяктуу окуялар соңку учурларда көп каттала баштады. Жергиликтүү журналисттер муну көзөмөлсүз миграциянын кесепети катары көрсөтүүдө.

Түркияда жашаган түркмөн активисти Алишер Сахатов жол кырсыгынан көз жумган мигранттардын да дээрлик көпчүлүгү түркмөнстандык экенин айтууда. Алишер көпчүлүк түркмөн мигранттар Түркияда мыйзмасыз иштеп жүргөнүн белгилейт.

"Алсак, Стамбулда эле бир айда 15тей түрмөнстандык каза болот. Өткөндө бир жигитти чоң жолдо автобус сүзүп кетти. Ал ошол жерде мүрт кетти. Түркмөндөр акча чогултуп, Стамбулда жерге бердик. Мисалы, мен жол кырсыгына кабылсам деле эч ким жооп бербейт. Анткени менин жумушка уруксатым жок, социалдык камсыздоом жок, эч нерсем жок. Өлсөм теги аныкталбагандардын көрүстөнүнө коюшат".

Стамбул шаарынын Сариер аймагындагы мындай көрүстөнгө коюлгандардын арасында түркмөнстандыктардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат дейт мигранттар. Маселен, 2020-жылы Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып жапырт ууланган 58 түркмөн да ушул көрүстөнгө коюлган. Анда түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Түркмөн активисттери Түркияда арактан ууланып өлгөндөрдүн сөөгү мекенине жетпей бул жакта жерге берилгенин билдиришкен.

Эки өлкө ортосундагы 15 жылдык визасыз режимден улам Түркия түркмөнстандыктар арасында эмгек миграциясы үчүн эң популярдуу багыт болуп калган. Көз карандысыз булактардын маалыматында, Түркияда бир миллиондой түркмөнстандык бар. Ал эми Түркиянын Миграция кызматынын 8-июнга карата статистикасына таянсак, мыйзамдуу түрдө жашоого уруксат алган 213 миңге чукул түркмөн жараны бар.

Өткөн жылы сентябрда Түркия расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандарына визасыз режимди жойгон. Укук коргоочулардын белгилөөсүндө, бул эреже Түркияда иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизүүдө. Миграцияда жүргөн түркмөндөр консулдук кызматтан дээрлик пайдалана албай жатканын айтып, утур-утуру Анкара жана Стамбул шаарларында митинг уюштуруп келишет. Бирок азырынча мындан майнап чыга элек. Түркмөн мигранттары дал ушул маселеден улам Түркияда мыйзамсыз иштеп, жашоого мажбур болгонун айтып келишет.

Алсак, 12-апрелде "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюму ушул тапта Анкарага жакын “Чанкыры” депортация борборунда жүздөй, Ван шаарында 139, Эрзурумда 200дөй түркмөнстандык кармалып турганын жарыялаган.

Укук коргоо уюму билдиргендей, Түркияда мигранттар кармалган 30 депортация борбору бар. Ал жактагы түркмөнстандыктардын көбү рейд учурунда документтеринин жоктугу же мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG