Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Өзбекстан талибдерге Коштөбө каналын курууга жардам берет


Өзбек делегациясы Кабулда "Талибан" өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. 22-март, 2023-жыл. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан сүрөт. Жаңылыкка иллюстрация катары тиркелди.
Өзбек делегациясы Кабулда "Талибан" өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. 22-март, 2023-жыл. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан сүрөт. Жаңылыкка иллюстрация катары тиркелди.

Ташкент Ооганстандагы талибдерге Коштөбө каналын курууга жардам берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Суу чарба министри Шавкат Хамраев 20-июндагы маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, өзбек делегациясы Кабулга 22-мартта барып, аталган каналдын курулушу боюнча тынчсыздануусун билдирген. Өзбек делегациясы Коштөбөнүн курулушу Өзбекстанда суу таңкыстыгын жаратарын белгилешкен. Талибдер каналдын курулушун токтотуудан баш тартышкан.

Мындан улам Ташкент каналдын курулушундагы алешимдиктерге жол бербөө үчүн талибдерге бул жаатта кызматташууну сунуштаган. Хамраев белгилегендей, жакынкы жумаларда өзбек делегациясы Кабулга барып, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

Министр "талибдер менен достук диалогу - туура жана натыйжалуу жол" экенин билдирди.

Буга чейин адистер Коштөбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жараларын эскертишкен.

Ооганстандагы Коштөбө каналынын курулушу быйыл мартта белгилүү болгон. План боюнча анын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, ал эми тереңдиги 8,5 метрди түзөт. Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүтчү бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек.

Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат.

XS
SM
MD
LG