Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

Коррупция үчүн соттолгондордун кызматка келишин тыюуну сунуштаган долбоор биринчи окуудан өтпөдү


Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынганына же жоюлганына карабастан президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт деген жобо киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун Жеңишбек Токторбаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, парламентте 22-июнда биринчи окууда талкууланды.

"Мыйзам долбоорлору Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталган", - деди ал.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев сунушталып жаткан мыйзам долбоору Конституциянын нормаларына карама-каршы келерин айтып, башкаларды каршы добуш берүүгө чакырды. Мындан улам эки депутат кайым айтышып, Сатыбалдиевдин мурдагы бийликтин тушунда абакта отуруп чыкканы боюнча маселе козголду.

Эл өкүлү Айбек Алтынбеков мыйзам долбоору коррупциялык кылмыштардын алдын алууга багытталганын белгилеп, "башка кылмыштар" деген түшүнүктү алып салууну сунуштады. Депутаттар Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов аталган мыйзам долбоорлорунун концепцияларын колдоп, сунуш, сын-пикирлерди экинчи окууда кароо зарылдыгын белгилешти. Бир катар депутаттар мурда коррупция жана башка кылмыштарга айыпталып, кийин соттон акталган депутаттардын "акыл үйрөтүп" отурушу туура эмес деп эсептешет.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG