Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Октон жараат алган жоокер ур-токмокко да кабылганы тастыкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган жоокер ур-токмокко да кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу 21-июнда “Азаттык” радиосуна жоокердин апасы Майрамбүбү Абдразакова билдирип, уулу госпиталга которулганын айтты:

“20-июнда госпиталга которулду. Абалы жакшы болуп калды. Рентгенге тартып, дарылап жатышат. Сабалганы аныкталып, далилденди. Тергөө жүрүп жатат”.

Окуя быйыл 6-июнда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө болгон. 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго тийген ок анын өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен. Буга байланыштуу шектүү катары бир офицер кармалып, ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үч камагына чыгарылган.

Аскер прокуратурасы иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери жоокер аларга оор абалда түшкөнүн, октон тышкары анын ийини, эки жаагы, колдору көк ала так басканын билдиришкен.

Коргоо министрлиги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүктүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын маалымдаган.

Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлаган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

XS
SM
MD
LG