Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Симферополдо орусиялык чиновниктин автоунаасы жарылды


Орусия аннексиялап алган Крымдагы өрт өчүрүүчү кызматкерлер. Орусия күнүнө карата акцияда тартылган сүрөт. 12-июнь, 2023-жыл.
Орусия аннексиялап алган Крымдагы өрт өчүрүүчү кызматкерлер. Орусия күнүнө карата акцияда тартылган сүрөт. 12-июнь, 2023-жыл.

Москва аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Симферополь калаасында орусиялык чиновник Владимир Епифановдун Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаасы жарылып кетти.

Епифанов - Украинанын Запорожье облусунун аннексияланган бөлүгүндө Орусия дайындаган өкмөттөгү вице-премьер-министринин жардамчысы.

Окуя 19-июнда таңкы саат төрттөр чамасында болгон. Baza Телеграм каналы жана "Коммерсант" басылмасы кабарлагандай, салондо орусиялык аткаминерден тышкары дагы эки адам - анын катчысы жана күзөтчү болгон. Үчөө тең башынан, денесинен жана колдорунан күйүк алышкан.

Аннексияланган Крымдын орусиялык башчысынын кеңешчиси Олег Крючков автоунаада газ баллон жарыялганын билдирди. Жол тандабастын айдоочусу рулду башкара албай, трассанын четиндеги дубалды сүзгөн. Жабырлануучулар Симферополь шаардык ооруканасына жеткирилген.

Орсия Украинага басып киргенден бери өлкөнүн Москва көзөмөлүндөгү аймактарында орус чиновниктеринин, армия офицерлеринин жана аскерлердин өмүрүнө кол салуулар такай болуп турат. Адатта, Орусия мындай окуяларда украин бийлигин күнөөлөйт.

XS
SM
MD
LG