Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Украин аскерлери Запорожьедеги Пятихатки шаарчасын кайтарып алганы кабарланууда


Запорожье облусундагы майдан тилкесиндеги айыл. 26-май 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Запорожье облусундагы майдан тилкесиндеги айыл. 26-май 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусундагы Пятихатки шаарчасын көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов 18-июнда Телеграмга жазды. Бул маалыматты орусиялык бийликчил блогерлер да таратууда.

Киев бул кабарды азырынча ырастай элек. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.

Буга чейин бир аптада украин армиясы 7 айыл-кыштакты бошоткону кабарланган.

18-июнда Одессанын аймактык администрациясы Херсон облусунун түштүгүндө Орусия ээлеп алган Геническ шаарынын жанында курал-жарактын ири кампасы жок кылынганын билдирди. Каршы тарап бул сокку тууралуу маалыматтын айланасында комментарий жасай элек.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирди. Жекшембиге караган түнү Днепропетровск облусуна ирандык эки дрон менен чабуул коюлганын, алар атып түшүрүлгөнүн губернатор Сергей Лисол маалымдаган.

Согуш шартында мындай кабарларды оперативдүү текшерүү мүмкүн эмес.

The New York Times гезити украин расмий адамдарына шилтеме менен орус аскерлери Киевдин контрчабуулуна даярдык катары коргонуусун бекемедеп алганын жазган. Америкалык дагы бир басылма - The Wall Street Journal Украина алга жылуусун убактылуу токтотконун, Орусия танктар менен оор техникага абадан сокку уруп, бул жагынан артыкчылыкка ээ болгонун билдирген.

Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо кызматына таянып билдиргендей, Бахмуттун айланасында эки тарап тең ири жоготууларга учурады. "Марттагы айыгышкан салгылашуулардан бери Бахмутта мынча көп орусиялык аскер каза таба элек болчу", - деп эсептейт британ мекемеси.

XS
SM
MD
LG