Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:37

Күрөш (U23): Кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болушту


Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси Аден Сакыбаев. 18-июн, 2023-жыл 
Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси Аден Сакыбаев. 18-июн, 2023-жыл 

Бишкекте 18-июнда жыйынтыкталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, күмүш байгелерди Аден Сакыбаев менен Стамбул Жаныбек уулу алса, коло байгерге Адилет Жапаркулов менен Мухаммад Абдуллаев ээ болду.

“Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн эркин күрөштөн жети салмакта таймаштар өтүп, кыргызстандык эки балбан финалга чыкты.

65 килограмм салмакта Аден Сакыбаев финалда тажикстандык Абдулмажид Кудиевге жеңилип, 2-орунду ээледи. Бул салмакта таймаштар айлампа тарбиниде өттү. Сакыбаев алгач кытайлык Баовен Вейди (12:0), андан соң түркмөнстандык Рейимбай Казаковду (10:0) утуп, 3-раундда индиялык Синг Жаскаранга жеңилген. Жарым финалда казакстандык Акбар Курбановду жеңип, финалга жолдомо алган.

92 килограммга чейинки салмакта Стамбул Жаныбек уулу финалда казакстандык Ризабек Айтмуканга утулуп, күмүш медал тагынды. Стамбул Жаныбек уулу буга чейин үч атаандашын утуп алган. Алгач кытайлык Жижиригаланы (12:1), андан соң монголиялык Люфсанадия Цендеени (11:8), жарым финалда индиялык Парвен Кумарды (4:2) жеңип алган.

Жогоруда аталган балбандардан сырткары 74 килограмм салмакта Адилет Жапаркулов коло байге үчүн беттеште монголиялык Батбаяр Батцухту 5:2 эсебинде утуп алды.

86 килограмм салмакта Мухаммад Абдуллаев 3-орун үчүн казакстандык Максат Сатыбалдыны 5:3 эсебинде жеңди.

Бир күн мурда күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш байгеге ээ болушкан.

Бекзат Алмаз уулу (57 кг) менен Орозобек Токтомамбетов (70 кг) жаштар арасында Азия чемпиону болушса (U23), Каныбек Абдулхаиров (97 кг) 2-орунду ээлеген. Мелдеш жыйынтыгында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы эки алтын, үч күмүш жана эки коло байге менен командалык эсепте 168 упай топтоп 2-орунду ээледи. Казакстан курамасы 1-орунду (эки алтын, үч күмүш жана үч коло), Индия 3-орунду алды (эки алтын, төрт коло).

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандыктар үч алтын жана беш күмүш байге менен командалык эсепте 2-орунду ээлешкен.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы бир күмүш жана бир коло байге алышты.

Бул чемпионатка чейин 10-июндан 13-июнга чейин дал ушул "Бишкек-Арена" спорт комплексинде күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты болуп, кыргыз балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло медалга ээ болушкан. Удаа өткөн чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келди. (ECh/КО)

XS
SM
MD
LG