Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:26

Токаев советтик ишмерлердин ысымдарын ыйгаруу тажрыйбасын сындады


Алматы шаары, 2013-жыл. Архивдик сүрөт иллюстрация иретинде
Алматы шаары, 2013-жыл. Архивдик сүрөт иллюстрация иретинде

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев советтик ишмерлердин ысымдарын берүү тажрыйбасын сындады. 17-июнда Түркстанда өткөн Улуттук курултайда мамлекет башчы «ошол адамдардын өмүр баяндары атайлап уламышка айландырылып жатканын», «ысымдар кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыктарында» ыйгарылып жатканын айтты. Бирок конкреттүү ысым атаган жок.

«Ономастика – ата-бабаларыбыздын жана белгилүү адамдардын урпактарынын эмес, мамлекеттин иши», - деп билдирди Токаев.

Ал ошондой эле «эл аралык кырдаал мурда болуп көрбөгөндөй курчуп турган кездеги» чет элдик таасир тууралуу ойлорун ортого салды. Президенттин айтымында, «айрым ири өлкөлөр өздөрүнүн күн тартибин, стандарттарын күчтөп таңуулоого аракеттенүүдө». Ал кайсы мамлекеттерди айтып жатканын тактаган жок. Токаев карама-каршы идеялардын кагылышын азыр геосаясатта же экономикада гана эмес маданий, рухий баалуулуктар чөйрөсүндө да байкаса болорун белгиледи.

Кошуна мамлекетте советтик аталыштардан арылуу маселеси былтыр кайра козголуп, 2025-жылга чейин «идеологиялык жактан эскирген» аталыштардан баш тартуу планы жарыяланган. Бул аралыкта 68 айыл-кыштакты жана 600 башка аталыштарды өзгөртүү каралууда. Демилгеге каршы чыккандар «тарыхты өчүрүп жатышат» деген нааразылыгын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG