Бишкекте бүгүн, 18-июнда жыйынтыктала турган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Аден Сакыбаев жана Стамбул Жаныбек уулу финалга чыгышты.
Ошондой эле Адилет Жапаркулов жана Мухаммад Абдуллаев коло байге үчүн күч сынашат.
Бүгүн, 18-июнда эркин күрөштөн жети салмакта таймаштар өтүп жатат.
65 килограмм салмакта Аден Сакыбаев финалда тажикстандык Абдулмажид Кудиев менен күрөшөт. Бул салмакта таймаштар айлампа тарбиниде өттү.
Сакыбаев алгач кытайлык Баовен Вейди (12:0), андан соң түркмөнстандык Рейимбай Казаковду (10:0) утуп, 3-раундда индиялык Синг Жаскаранга жеңилип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда казакстандык Акбар Курбановду жеңип, финалга жолдомо алды.
92 килограммга чейинки салмакта Стамбул Жаныбек уулу финалда казакстандык Ризабек Айтмукан менен беттешет. Стамбул Жаныбек уулу буга чейин үч атаандашын утуп алган. Алгач кытайлык Жижиригаланы (12:1), андан соң монголиялык Люфсанадия Цендеени (11:8), жарым финалда индиялык Парвен Кумарды (4:2) жеңип алган.
Жогоруда аталган балбандардан сырткары 74 килограмм салмакта Адилет Жапаркулов 3-орун үчүн монголиялык Батбаяр Батцух менен күрөшөт.
86 килограмм салмакта Мухаммад Абдуллаев 3-орун үчүн казакстандык Максат Сатыбалды менен таймашат.
61 килограмм салмакта Абдымалик Карачов айлампа тартибинде үч беттеш өткөрүп, бир жолу жеңишке жетип мелдештерин жыйынтыктады.
86 килограмм салмакта Алинур Такиров айлампа тартибиндеги таймаштардын 5-раундда индиялык Сагар Жаглан менен күрөшөт. Такиров буга чейин түркмөнстандык Атамурат Чарлиевди утуп, казакстандык Нурдаулет Куанышбай менен монголиялык Дулгуун Алтанзулга жеңилген.
Бир күн мурда күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш байгеге ээ болушкан.
Бекзат Алмаз уулу (57 кг) менен Орозобек Токтомамбетов (70 кг) жаштар арасында Азия чемпиону болушса (U23), Каныбек Абдулхаиров (97 кг) 2-орунду ээлеген.
Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандыктар үч алтын жана беш күмүш байге менен командалык эсепте 2-орунду ээлешти.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы бир күмүш жана бир коло байге алышты.
Бул чемпионатка чейин 10-июндан 13-июнга чейин дал ушул "Бишкек-Арена" спорт комплексинде күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты болуп, кыргыз балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло медалга ээ болушкан. Удаа өткөн чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келди. (ECh/КО)