Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:58

Астанада банкта барымтага алынгандар бошотулду


Барымтага алынган банктын району курчоого алынды. Астана, 2023-жылдын 18-июну.
Барымтага алынган банктын району курчоого алынды. Астана, 2023-жылдын 18-июну.

Астананын Достук көчөсүндөгү Kaspi банкында куралчан адам барымтага алган банктын жети кызматкери бошотулду. Окуя болгон жерде Ички иштер министри Марат Ахметжанов башында турган күч кызматкерлери иштеди.

Айрым маалыматтар боюнча, шектүү адам банктын активиндеги баардык акчаларды майыптарга, колунда жок муктаждарга, жетим-жесирлерге которууну талап кылган. Бул үчүн ал жети аялды жана кароолчуну өлтүрөм деп коркутуп, бийликтерге үч саат убакыт берген.

Айрым маалыматтарда шектүүнүн аты-жөнү Алихан Мурадов деп айтылууда. Анын аталган банкта бир аз кредити бар экени белгилүү болду.

Операция учурунда банктын айланасы курчоого алынып, ал жерде атайын күчтөр иштеди. Банктын филиалы жайгашкан үйдүн тургундары батирлеринен чыгарылды.

Мындан мурда банк барымтага алынгандар жалаң алардын кызматкерлери экенин тастыктаган болчу.

XS
SM
MD
LG