Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Бириккен Улуттар Уюму Украинаны калыбына келтирүүгө миллиард доллар топтойт 


Денис Шмыгал жана Ахим Штайнер. 2023-жылдын 17-июну.
Денис Шмыгал жана Ахим Штайнер. 2023-жылдын 17-июну.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Украинаны калыбына келтирүү максатында бир миллиард доллар топтой турганы ишембиде Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал менен аталган программанын директору Ахим Штайнердин жолугушуусунун жыйынтыгында билинди.

Шмыгал жолугушууда Украинаны тез арада калыбына келтирүү, минадан тазалоо жана гуманитардык жардам жөнүндө сөз болгонун өзүнүн Фейсбуктагы барагына жазды.

Жолугушууда согуштун айынан бизнеси талкаланган ишкерлерди колдоо маселеси да козголду. Улуттар уюму ишкерлерди окутууга, аларды кайра даярдоого, экспортко багытталган товар чыгарууга басым жасаары белгилүү болду. Ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасы талкаланган энергетика тармагын калыбына келтирүүнү болжоп жаткан чагы.

Киев экономика мектебинин эсептөөлөрү боюнча, Украина согуштун алгачкы жылында 144 миллиард доллардык чыгымга учурады. 6-июнда жардырылган Кахов ГЭСинин чыгымы бир жарым миллиард доллар деп эсептелди.

XS
SM
MD
LG