Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөт


Кыргызстан, жайлоо. Алай району.
Кыргызстан, жайлоо. Алай району.

18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 18…20°, күндүз 34…36° ысык болот.

XS
SM
MD
LG