Баткен облусунда 2023-жылдын башынан бери жашы жете элек алты бала сууга чөгүп каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгы 15-июнда "Азаттык" радиосуна маалымдагандай, буга байланыштуу жарандардын, балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында эскертүү иш-чаралары жүргүзүлө баштады.
Жер-жерлерде милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлор сууга чөгүүнүн алдын алуу максатында күндүз кайгуул уюштуруп жатышат.
Көлмөлөргө, дарыяларга, арык жээктерине жана каналдарга эскертүү тактайчалары орнотулууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.
Мекеме мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин эскертип келет. (JsA)