Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Дональд Трамп өзүнө тагылган айыптарды четке какты


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерге байланыштуу айыптар тагылгандан кийин Нью-Жерсидеги гольф-клубдагы иш-чарада сүйлөп жатат. 13-июнь, 2023-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерге байланыштуу айыптар тагылгандан кийин Нью-Жерсидеги гольф-клубдагы иш-чарада сүйлөп жатат. 13-июнь, 2023-жыл.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трамп ага тагылып жаткан 37 беренеден турган федералдык айыптар боюнча күнөөсүз экенин 13-июнда Майами сотундагы жараянда айтты.

Американын 45-президентине «кызматын тапшырып кетип жатканда улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан» деген айыптар тагылууда.

Эгер күнөөсү далилденсе, Трампка чоң суммадагы айып пул салынып, алтургай эркинен да ажыратылышы мүмкүн. Анткен менен Америка мыйзамдарына ылайык, бул анын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө кедергисин тийгизбейт.

Трамп өзү соттук иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, 2024-жылы Ак үйгө кайтып келүү кампаниясын улантууну убада кылууда. Талдоочулардын айтымында, сот жараяны бир жылга же андан көпкө чейин созулушу мүмкүн.

14-июнда Дональд Трамп 77 жашка толду. Былтыр августта Трамптын Палм-Бичтеги үйүндө «жашыруун» деген гриф коюлган 100дөй документ табылган. Прокурорлор 2021-жылы 45-президент Ак үйдөн кетип жатканда документтерди мыйзамсыз жок кылганбы же жокпу, ал өзү же башкалар федералдык иликтөөгө бөгөт койгон-койбогонун иликтешти.

АКШнын мыйзамы президент баштаган федералдык кызматкерлерге жашыруун документтерди мерчемделбеген жерде жок кылууга жана сактоого тыюу салат.

XS
SM
MD
LG