Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Орусиядан чыгуунун жана кирүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду.

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун Ички иштер министрлигинин миграциялык бөлүмүнө тапшырышы керек. Комиссия аскерге чакыруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин паспортту тапшырууга беш күн берилет. Документ жаран аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин кайра кайтарылат.

Бул мыйзам аскерге чакырылган 18ден 27 жашка чейин эркектерге тиешелүү. Документ расмий жарыялангандан 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Укук коргоочулардын айтымында, жаңы нормалар 2023-жылдын күзүндө аскерге чакырылгандарга иштебейт.

Апрелде кабыл алынган мыйзамга ылайык, орус жарандарына аскер комиссариаттарына чакыруу кагаз жүзүндө гана эмес, электрондук почта менен да келет. Чакыруу “Мамлекеттик кызматтар” порталындагы жеке кабинетке жайгаштырылган соң "жарандын колуна тапшырылды” деп саналат.

Чакыруу берилгенден кийин 20 күн ичинде аскер комиссариатына келбеген адам кошумча чектөөлөргө кабылат: жеке ишкер катары каттоого туруу, үй-мүлкүн каттатуу, автоунаа айдоо, насыя алуу укугун колдоно албайт.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG