Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:17

Орусия окуппацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө студенттерди тартат


Талкаланган Мариуполь.
Талкаланган Мариуполь.

Москва орус армиясы былтыр жазда басып алган Украинанын Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине студенттерди тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

"Бул жай силер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алдыңарга коюлган бардык тапшырмаларды аткарасыңар деп ишенем", - деди ал Орусиянын студенттик отряддарына кайрылган учурда.

Былтыр күзүндө "Озоди" радиосу орус курулуш компаниялары Мариуполго тажикстандык эмгек мигранттарын жөнөтүп жатканын жазган. Макул болгондорго айына 130 миңден 250 миң рублга чейин маяна, андан тышкары жатакана, үч маал тамак-аш убада кылынган.

Эки ай өтпөй Мариуполго барган мигранттар иш берүүчү алдап кеткенин, аларга убада кылынган акчанын жарымын эле төлөшкөнүн айтып арызданышкан.

Ал жакта курулушта иштеген жыйырма чакты кыргызстандык да бар экени белгилүү болгон.

Орус армиясы Мариуполь шаарын 2022-жылдын май айында басып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский калаадагы имараттардын 95% талкаланып, шаар дээрлик жер менен жексен болуп калганын билдирген.

Орусия кол салганга чейин Мариуполь Азов деңизинин жээгиндеги өнүккөн кооз порт шаар жана өнөр жайы күчтүү болгон. Согушка чейин болжол менен 425 миңдей адам жашаган.

XS
SM
MD
LG