Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

Баткен: селден жабыркаган жаран ооруканага түштү


Аксы районунун Авлетим айылындагы сел. Май, 2023-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок
Аксы районунун Авлетим айылындагы сел. Май, 2023-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок

12-июнда кечинде Баткен жана Кадамжай районунун бир катар айылдарында катуу жаан жаап, сел жүрдү. Кадамжай шаарында сел "Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар анын айдоочусун куткарып калганын, учурда ал ооруканада дарыланып жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анын абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Селдин кесепетинен Кадамжай районундагы Орозбеков, Масалиев, Көтөрмө айыл аймактарында, Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут айыл аймактарындагы ички жолдор, көпүрөлөргө зыян келтирилген. Сел жергиликтүү тургундардын эгин талааларын да каптаган.

Жарандык коргонуу комиссиясы азыр чыгымдарды тактап жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги селден улам жабылып калган Ош-Баткен-Раззаков жолундагы Охна участогу, Жийделик-Ак-Кыя жана Бел-Божой жолу толугу менен ачылганын 13-июнда билдирди.

Азыр Коргон-Чаувай жолу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө. Министрлик селден кийин Баткен районундагы Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолу аркылуу каттоого кыйын болуп калганын, жолчулар жеринде иштеп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG