Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Айдарбеков жаштардын 80% чет өлкөлөргө кетүүнү көздөй турганын айтты


Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Айдарбеков

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков мындай пикирин 13-июнда Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндигине жана адам укуктарына арналган жыйында билдирди.

"Социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандык жаштардын 80% ашууну чет өлкөлөргө кетүүнү көздөйт. Бул өлкө үчүн чоң коркунуч", - деген депута бийликти, мамлекеттик кызматкерлерди бул маселенин олуттуу экенине маани берүүгө чакырды.

Айдарбеков Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынышы - көптөгөн көйгөйлөргө алып келерин, анын ичинде жаш муундун алдына койгон максаттарын ишке ашыруусуна тоскоол болушу ыктымалдыгын, алардын сыртка агымын көбөйтөрүн белгиледи.

Ушул тапта Бишкекте "Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" деп аталган жыйын өтүп жатат. Ага жарандык коом, эл аралык уюмдар, журналисттер жана парламент депутаттары катышууда. Анда өлкөдөгү сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар, адам укуктарына байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоорлору талкууланып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Президенттик администрация демилгелеген "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлоруна активисттер жана жарандык коом тынчсыздануу билдирген.

Сөз болгон мыйзамдар маалымат каражаттарын каттоодон баш тартууга жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коомдук уюмдарды каржылоону чектеп, алардын кескин кыскарышына алып келиши ыктымал деген кооптонуулар айтылып жатат.

Быйыл январда "Чек арасыз кабарчылар" (CPJ) жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысым күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

Аталган уюм 27-апрелде "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине да тынчсыздануусун билдирген.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун майда жарыяланган басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG