Казакстандын Абай облусундагы өрттөн 14 адам курман болду – бирөөнүн атасы, бирөөнүн энеси менен баласы набыт кетти. Айрымдары трагедияга күтүүсүз кырсык себеп десе, башкалары жаман жолду, үчүнчүлөрү ишине кайдыгер жооптуу кишилерди айыпташууда. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы жерине барып апаатка кабылгандардын жагдайын көрүп келди.
Жол
11-июнь. Абай облусундагы өрт төрт күндөн бери басылбай күчөп жатат. Машина Семей шаарынан чыкканда эле алыскы мунарыкка асылган бозоргон тосмо көзгө урунат - өрттүн түтүнү. Байкабаган адамга ал жерден көтөрүлгөн тоону элестетип жиберет.
Ошол жакка баратабыз. Бара турган жерибиз Өзгөчө кырдаалдар кызматынын оперативдүү штабы. Болжогон жерибизди мессенжер аркылуу аныктап алганбыз, Бородули айылынан оңго бурулуп, андан ары түз эле кете бермей.
Барчу жерибиз Успенка менен Барыш айылдарынын ортосу ченде. Google Maps тиркемесинин картасы аркылуу барчу жерди дагы бир тактадык, аныбызды ири кызыл белги менен жазып коюшуптур: "Семей: Өрт токой", ошого барабыз.
Капыл-тапыл төшөлгөн асфальт жол менен баратабыз. Жаңы жолду президент келерин утурлап жергиликтүү бийлик жасаттырган. Кээ бир жерлерине майда жамаачы салынган, айрым участокторунун кыйла жери асфальтталган. Асфальтты аяшпаптыр.
Эки күн ичинде бир трассаны гана жамаганга жетишиптир. Бурулушка келип түгөнгөн жаңы жолдон кийин уңкур-чуңкурлар башталат, анын деле бир топ жерине кум төшөп коюшуптур. Айдоочубуз жолду карабай таштагандарды ачуусу келгенде ашатып сөгүп, өңгүл-дөңгүл менен баратабыз, бул жерде тегиз жол эч качан болгон эмес.
Ашкана
Алды жактан токтоп турган машинелерди, тигилген чатырды, созулган түтүндү көрдүк. Бул - өрттөлгөн токойдон көтөрүлгөн уюлгуган кара түтүн эмес, иштеп жаткандарга тамак даярдап жаткан талаа жериндеги ашканадан чыгып аткан түтүн.
Үстү чатыр менен жабылган жерде узатасынан коюлган столдо аялдар жашылча-жемиштерди кесип, этти туурап, чоң казандын жанында бир жигит куурдакты аралаштырып жатат. Этек-жеңди жулккулаган шамал учуруп кетпесин деп этияттанган ашпозчу келиндер эт салынган баштыкка татымалдарды кошуу менен алек болуп жатышты. Арыта бир жигит отун жарууда. Ысыктан калкаланып бир нече адам чатырда эс алып отурушат.
" Биз ушул жердикпиз, чатырдагыларга жардам беребиз, тамак даярдайбыз, жыйнайбыз. Кезектешип иштейбиз. Наташа үч суткадан бери эс албай иштеп атат. Түндө Дамир болду. Түнү бою казандар кайнап турат. Азык-түлүктү Бородули, Шемонаи, Семей, Өскемен, Шымкенден, акиматтан алып келишет", — дейт ыктыярчы Шолпан Каирбекова.
Ага улай ал азык-түлүктөн башка да тамеки, байпак, самын-сумундар болсо да жакшы болорун кошумчалады.
"Таттуулар деле керек. Баары жаштар. Бүгүн келген балдардын баары 18 – 20 жаштагы уландар, чайга таттуу кошуп ичкенди жакшы көрүшөт. Аларга шоколад, колаларды таштайбыз. Суу каалашыңча. Тезирээк өрттү өчүрүү керек".
12-июнь Казакстанда Абай облусундагы өрттө курман болгондорду эскерүүнүн жалпы улуттук аза күнү деп жарыяланды.
Өрт өчүрүүчүлөргө тамак бышырчу ашкана штаб менен өрт болуп жаткан жерлерден кыйла эле алыс. Ашканадагы аялдар тамакты ушул жерден даярдап, өрт өчүргүчтөргө жеткириш үчүн алып кетишерин айтышты.
Штаб анчалык деле алыс эмес экен, кыска аралыктан өтүш биз түшкөн машина менен айдоочуга кыйла эле сыноо болду, жолдун өңгүл-дөңгүлү, чуңкурлар ушунчалык көптүгүнөн биздин автоунаа кыбырап калды, буга чейин кантип жүруштү экен!
Машинеде отургандар бул жерге президент кантип келди экен деп болжол кура башташты. Аягында бул жол эмес, башка жер менен башчыны алып барышкандыр деген божомолду туура көрүштү.
ШТАБ
Штабга өрт өчүрүүчү машинанын артынан жеттик: өрт өчүргүчтөр азыраак тыным алганы келишкен экен. Кезектешип иштейсиңерби деген сурообузга баары бир ооздон сутка бою тынымсыз бир апта иштешерин айтышты.
Штаб дарбазасынын жанында оперативдик штабдын жетекчиси Дмитрий Гариков туруптур, Абай облус акиминин орун басары, штаб жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатты. Ал жерде турганыбызда кызыл өрт Каштан токойчулугу тарапка оогону белгилүү болду, ал жер Таврия токойчулугу тарапта. Бир күн мурда штаб “эл жашаган жерлерге өрт коркунучу жок” деп жооткоткон жообун жарыя кылган. Ал учурда алкынган кызыл жоону токтотуу мүмкүндөй сезилген…
"Баарынан көп зыянды Батпай токойчулугу тартты, токойдун четинен жети-сегиз чакырым алыстыкта турган Успен району апааттан аябай азап чекти", — дейт штаб жетекчиси.
Гариков суроолорго жооп берип, ал өзү жетектеген топ кандай коркунучтарга туш келгенин кенен айтып, анан кеп кайдыгерлик жагына оогондо жанында турган маалымат катчысы: “Менимче, сиз бул тууралуу айтпашыңыз керек” деп жетекчисинин сөзүн бөлүп салды.
"Мен бир нерсени ачык айта алам, азыр бизде өзгөчө жагдай киргизилген. Алаамат деген алаамат. Шамал күчөп саатына 300 чакырымга жеткен чакта ким аны токтото алат? Андайга бир да өрт өчүрүүчу машина жарабайт", - Дмитрий Гариковдун негизги бүтүмү ушундай болду.
Штабдан андан башка маалымат ала албадык, биз өрт өчүрүүчү машинанын артынан уюлгуп түтүн чыгып жаткан жакка багыт алдык.
“Ал жер тозок”
Өрт өчүрүүчү машина кан жолдон токойго бурулду. Дароо эле суу чачып баштады: алоологон жалын жок, бирок жерден жана дарактын бутактарынан дымып түтүн чыгууда. Бул жерде Астанадан жардамга келген өрт өчүрүүчү бригадалардын бири иштеп жатыптыр.
"Күндүзү иштейбиз, түндөсү токойдо эч нерсе көрүнбөйт, иштештин кажети жок", - деди өрт өчүрүүчүлөрдүн бири.
Бизди 17 жылдык тажрыйбасы бар өрт өчүрүүчү коштоп жүрдү. Биз жеткен маалда анда-мында түтөп жаткан жерлер болбосо, жалындаган өрт жок эле. Күйүктүн жыты мурунду жарат.
"Үстүндөгү өрттү өчүрдүк. Бул участкада дымып жаткан жерлер гана калды",- деп түшүндүрдү куткаруучулардын бири.
Эмне үчүн жер түтөп жатканын сурасак:
"Бул жердеги бутак, жалбырак, тобурчактарды көрдүңөрбү? Буларга жерге жети сантиметрдей төшөлгөн. Биз жер алдында түтөп жаткан ушундай очокторду өчүрбөй калсак, бир аптадан кийин кайра өрт чыгат", -деди.
"Биз азыр баарыбыз тобокел кылып жатабыз. Шамал согуп турат, ошондуктан өрт кайра эле сыртка чыгат. Ошондо чатак болот”, - деди экинчиси.
Бригадада техника жетиштүүбү же жокпу, аны билишпейт экен: “Бизге эмне айтышмак беле? Биз өчүрүп жатабыз”.
Сөөмөйү менен каршы тарапты көргөзүп:
"Ал жер тозок. Бүт бардык жерди өрт чалган. Баары ошол тарапта", -деди бул жерде иштеп жаткандардын бири.
Колу менен жаңсаган жактан коюу түтүндү көрдүк. Кыйла узак аралык эле, бир аздан кийин кеч кирет. Биз эвакуация пунктуна дагы үлгүрүшүбүз керек. Көптөгөн кишилер дале үйлөрүнө кайтып бара албай жатышат. Бул жердегилер өрт ичинде калган 14 токойчуну жоктоп, кабыргасы сөгүлүп турат.
“Алар үлгүрөт болчу..."
Жолго жакын жердеги эвакуациялык борборлордун бири Бородулидеги жергиликтүү коллеждин жатаканасында жайгашкан. Анда негизинен Успенка айылынан келген 10 чакты киши бар.
Бизди Марина Трясунова деген аял тосуп алды. Ал бизге ашкананы, уктоочу жана эс алуучу жайларды көрсөттү.
Бардык бөлмөлөрдөн Касым-Жомарт Токаевдин үнү угулууда: коопсуз жайга көчүрүлгөндөр телмирип телевизор тиктеп отурушат. Президент облус жетекчисинен маалымат алууда: “Мен түшүнөм облус жаңы, сиз аким болуп бардыңыз...”
Өрттөн каза болгон кишилердин айрымдары булардын айылдашы экен. Кайгырып, ар бирин эскерип отурушту:
"Менин кошунам эле, жакшы адамдар болчу. Жашыбы, карысыбы, кимисинен сурасаң да ошентип айтышат. Аларды баары билчү. Азыр токой чарбасында эч ким калган жок. 14 киши каза болуп калды. Токаевдин бардыгын жумуштан кетириш керек деп айтканы туура. Жардам кечигип келди. Алар каякты карап отурушту?"
"Өтө кеч келишти. Укканда эле ошол жакта болушу керек эле да. Жолдордун да тамтыгы чыккан. Ошондуктан кыбырап жай жүрүштү. Кеминде он чакты машине бараткан, өңгүл-дөңгүлдө катуу кете алышпайт. Эрте барышканда канча өмүрдү сактап калышмак. Алар (Токаев) келе жатат дегенди уккандан кийин эски жолго жаңы асфальт төшөй башташты. Бул эмне? Жол мыкты болсо, унаалар катуу ылдамдыкта учмак. Алар канча кишинин өмүрүн сактап калууга үлгүрөт эле. Анан канча бала жетим калды?!".
Каза болгондордун жакындары менен байланышканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Буга чейин алар Касым-Жомарт Токаевге өздөрүнүн нааразылыгын айтышкан.
“Эмне үчүн менин жолдошум өзүнүн менчик машинеси менен токойдо жүрөт? Эмне үчүн токой чарбасында тетиктер, дегеле эч нерсе болгон эмес. Машинелери дайыма бузук”,- деди өрттөн каза тапкан Алексей Губаевдин жесири Татьяна Будюк.
Өрт дале толук өчүрүлө элек. 60 миң гектар – өтө чоң аймак. "Семей орманы" токоюнун жалпы аймагы 654 миң гектарды түзөт. Мурда бул аймактарды өз-өзүнчө мамлекеттик он мекеме башкарып келген. 2003-жылы алардын баары "Семей орманына" бириктирилген.
Ал ортодо дагы бир дагы бир кишинин дайынсыз калганы тууралуу кабар тарады. Далон токой чарбасында иштеген 37 жаштагы Сергей Архиповду жакындары издеп жатышат. Ал өрт өчүрүүчүлөргө жардам бергени кетип, 9-июндан бери байланышка чыкпай жатыптыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт аянтынын кенендиги, аба ырайынын ысыктыгы жана шамал аны өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.
Ишембиде президент Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, анын ордуна Сырым Шарипхановду дайындады. Өз милдетин жетиштүү аткарбаганы үчүн Абай районунун акими Нурлан Уранхаевге сөгүш жарыялады.
“Азаттыктын” казак кызматынын сайтына жарыяланган Хадиша АКАЕВАнын макаласы. Макаланын түп нускасын орус тилинде бул жерден окуңуз.