Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Мамлекеттик цирктин директору Бекманбетов кызматтан кетти


Фархад Бекманбетов.
Фархад Бекманбетов.

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул маалыматты ал “Азаттыкка” ырастады.

“Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, - деди Бекманбетов.

Мамлекеттик циркке Фархад Бекманбетов 2019-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган. Ошол учурда цирктин жамааты кызматкер Аида Акматованын талапкерлигин сунуштап келишкен. Алар 23-январда өздөрү көрсөткөн талапкердин шайланышын талап кылып, иш таштоого барышарын айтышкан. Ага чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Маданий жайдагы жамаат ичиндеги пикир келишпестиктер 2010-жылдардан бери эле уланып келе жатканы коомчулукка маалым. Бекманбетов жетекчи болуп турган учурда да мындай ызы-чуулар токтогон эмес. Циркте 20 жылдан бери иштеп келе жаткан каскадёр Асланайым Аширова имарат кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып келген. Бекманбетов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке каккан.

2022-жылы маданий жайдын капиталдык ремонтунун жалпы чыгымы үчүн 211 млн. сомдон ашык каражатка смета даярдалып, өкмөткө көрсөтүлгөн. Өкмөт убада кылып келгени менен ушуга чейин акча бөлүнгөн эмес.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлгөн. Учурда бул мекемеде 130 кызматкер иштейт. Анын кыркка жакыны чыгармачыл жамаат өкүлдөрү. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG