Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Дүйшөмбү: Тажикстан ЕАЭБге кошулуу маселесин караштыра элек


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 6-июнь, 2023-жыл.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 6-июнь, 2023-жыл.

Тажикстан учурда Евразия экономикалык биримдигине кошулуу маселесин караштырган жок. Бул тууралуу тажик Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шохин Самади билдиргенин Орусиянын ТАСС агенттиги жазды.

«Тажикстандын ЕАЭБге кошулуусу тууарлуу маселе күн тартибинде жок», - деди Самади.

Ал кошумчалагандай, бул маселе орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун президент Эмомали Рахмон жана тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен болгон жолугушууларында көтөрүлгөн эмес.

5-6 июнь күндөрү Лавров Тажикстанга барган. Ал жактагы Орусиянын 201-аскердик базасында сүйлөгөн маалда «бул меймандос аймактын тажикстандык кожоюндары жакын арада Евразия экономикалык биримдигине кошулуудан алган пайданы аныктай алышат деп эсептейбиз» деп айткан.

Ал эми Орус-Тажик (Славян) университетинде сүйлөп жатып Лавров ЕАЭБге кызыккан эл аралык структуралар, үчүнчү өлкөлөр менен диалог түзүүгө Орусия тыкыр көңүл буруп жатканын билдирген.

Соңку кездери Орусияда тажикстандык мигранттарды кармап, камаган учурлар көп каттала баштаган. Айрым эксперттер муну менен орус бийлиги Тажикстанды Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө мажбурлагысы келет деп болжолдошкон.

XS
SM
MD
LG