Кыргызстандын президенти Садыр Жапар менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-июнда кабарлады.
Анда кыргыз президенти Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, тараптар кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.
29-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алды.
Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон. (TSh)