Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Кыргызстан менен Мальдив аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилди


Мальдив Республикасына кирген аралдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Мальдив Республикасына кирген аралдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин сайты кабарлагандай, макулдашууга тараптар 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюшкан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда кабыл алган.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Мальдив Республикасында, Мальдивдин жарандары Кыргызстандын аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат.

Мальдив Республикасы Индустан жарым аралынын түштүк жагында, Инд океанындагы аралдардан куралган мамлекет. Индия жана Шри-Ланка мамлекеттери менен кошуна. Мальдивдин борбору - Мале шаары. Калкынын саны жарым миллиондун тегерегинде.

Эл аралык паспорт индекси сайтынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын жарандары учурда 30дай мамлекетке визасыз бара алышат. Мындан сырткары 40тан ашуун мамлекетке барган соң виза ала алышат. Кыргызстан өзү учурда 61 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизет. (ErN)

XS
SM
MD
LG