Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Бишкектеги шайлоо: саат 4кө чейин 11 миңден ашык адам гана добуш берди


Шайлоодо 29 талапкер ат салышып жатат.
Шайлоодо 29 талапкер ат салышып жатат.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округу боюнча парламент депутатын шайлоодо саат 16.00гө карата 11 миңден ашык адам гана добуш берди. Бул аталган райондо катталган шайлоочулардын 9% жакынын түзөт. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу добуш берүү солгун экенин айтышкан.

Аймакта 125 миңдей шайлоочу бар.

Шайлоодо 29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

XS
SM
MD
LG