Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

АКШ Малидеги "Вагнер" компаниясынын жетекчиси Иван Масловго санкция салды


АКШнын Финансы министрлиги.
АКШнын Финансы министрлиги.

Бейшемби күнү АКШ "Вагнердин" Малидеги бөлүмүнүн башчысына Украинага каршы колдонуу үчүн аскердик техниканы сатып алып, аны Орусияга жөнөтүүнү жаап-жашырууга аракет кылган деп айыптап, санкция салды.

АКШнын Каржы министрлиги Малидеги "Вагнердин" командири жана башкы администратору Иван Масловду бул Африка өлкөсүнүн өкмөт өкүлдөрү менен өз аракеттерин тыгыз координациялап жатканы үчүн айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Каржы министрлигинин терроризмге каршы департаментинин башчысы Брайан Нельсон санкция "Вагнердин" эл аралык ишмердүүлүгүн токтотууга багытталганын билдирди.

Санкцияларды киргизүү чечимине чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү дүйшөмбү күнү "Вагнердин" чет элдик жеткирүүчүлөрдөн курал системаларын сатып алуу келишиминин белгилери аныкталганы тууралуу билдирүү жасаган.

"Бул куралдарды жеткирүү үчүн Малинин транзиттик мүмкүнчүлүктөрү колдонулган", - деп белгиледи АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Шаршемби күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова АКШнын дооматтарын четке кагып, маалыматты “жалган” деп атады. Вашингтонду өзүнүн аскердик экспорттук келишимдерин кайра карап чыгууга үндөдү.

Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.

"Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.

Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG