Мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алган Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кеткенин билдирди. Анын Элдик курултайдагы ыйгарым укуктары да талаш жаратууда.
Мунун алдында Апрель окуясынын катышуучулары Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүүгө каршы экенин билдирип, Бишкекте акцияга чыгышты.
Апрелчилердин акциясы
2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын катышуучулары 23-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жасап, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү жана аларды актоо иштери жүрүп жатат деп сынга алышты.
“Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз. Бүгүн көз көрүнөө калың элдин тынчсыздануусун жараткан аракеттер болууда. Бул Аскар Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана Курманбек Бакиевди көз көрүнөө актоо аракети”, - деди “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурия Айдабосунова.
Апрелчилердин акцияга чыгышына Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Бишкекке келгени жана журналист, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден, андан кийин Акаевден алган видео маектерин интернетке жарыялаганы себеп болду. Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов мындай деди:
“Кадыр Кошалиев мырза, ушул жерде турган энелердин балдарын кайтарып бер. Өлгөндөрдү тирилтип, жаракат алгандардын ден соолугун калыбына келтир! Анан актай бер. Сизге эч ким адамдык да, моралдык да укук берген эмес. Мындай укук элде гана бар. Сиз элдин атынан сүйлөөгө акыңыз да, укугуңуз да жок. Курултайдын делегаттары кимди шайлагансыңар, кимди колдогонсуңар, көрүп алгыла!”.
Кошалиевдин кызматы жана курултайдагы орду
Курманбек Бакиевдин маегинин айланасында талкуу болуп жаткан тапта Кадыр Кошалиев Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) кабарчысы кызматынан кетти.
Ал “Азаттыкка” берген комментарийинде журналистикадан башка иши көп болуп кеткенин, эми мындан ары убактысынын көбүн курултай мыйзамын кабыл алууга жумшай турганын айтты.
Канал бул тууралуу маалымат берип, “УТРКнын этика жана тартип комиссиясы Кадыр Кошалиевдин маселесин иликтеп жыйынтык чыгара электе кабарчы корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кеткенин” билдирди. 23-майда Бишкекте нааразычылык акцияга чыккандар Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдан кетирүү талабын да коюшту.
“Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагасы болуп отурганга укугу жок. Элдик курултайдын максаты да Курманбек Бакиевди актоо эмес. Курултайда жер-жерден чогулгандар элдин көйгөйүн айтышы керек. Элдик курултайдын айрым мүчөлөрү “Кадыр Кошалиев кетсин!” деп атышат. Муну колдошубуз керек”, - деди “Айкөл Ала-Тоо” коомунун өкүлү Жылдызбек Исаков.
23-майда Таласта да Апрель окуясында жабыркагандардын жакындары ушундай талап менен пикет өткөрүштү. 20-майда биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди бул кызматтан кетирүү маселесин көтөрүшкөн.
Коомчулуктагы талкууга президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков пикирин билдирди:
“Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары да аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз”, - деп жазды ал 22-майда Фейсбуктагы баракчасына.
Элдик курултайдын биринчи жыйыны былтыр ноябрь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен уюштурулуп, Кадыр Кошалиев Аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон. Кийин ал курултайда айтылган маселелер, анын аткарылышы боюнча бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн.
“Былтыр 25-26-ноябрда биринчи Элдик курултайда 1074 делегат регламент бекиткен. Ошол регламент боюнча 21 киши курултайдан курултайга чейин туруктуу иш алып барат. Азыр ошол 21 адам коомдук башталышта иштеп атабыз. Ал эми кийинки курултай мыйзам кабыл алынып калса, ошол мыйзам менен өтөт. Азыр болсо биз президент кол койгон жарлык, курултайда кабыл алынган регламент менен иштеп атабыз. 21 адамдан турган Аксакалдар кеңеши деген түзүм туруктуу иштөөдө. Төрага өзүнүн арызы менен кетет же 1074 делегаттын үчтөн бири сунуш берип, ал курултайда каралып, анан көпчүлүк добуш менен кызмат маселеси чечилет”, - деди Кадыр Кошалиев.
15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген.
Бул интервью коомчулукта талкууга алынып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да Бакиевдерди актоо аракети болуп жатканын сынга алышкан.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.