Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Орусияда полиция 100дөн ашуун тажик студентин сабаганы кабарланды


Орусиядагы Өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү.
Орусиядагы Өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү.

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте билим алган тажикстандык студенттерди өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабап кетишкен. Бул тууралуу жабыркагандар 22-майда "Озоди" радиосуна билдиришкен.

Маалыматка караганда, окуя 19-майда универститеттин жатаканасында болгон.

Студенттердин айтымында, беткапчан, тапанча жана электршокер кармаган полиция кызматкерлери имаратка кирип барып, адегенде видеокамералардын баарын өчүрүшкөн. Алар ошондой эле студенттердин документтерин, телефондорун тартып алып, себебин түшүндүрбөстөн сабай башташкан.

Жыйынтыгында 15тей студент олуттуу жаракаттарды алышкан, алардын айрымдары операцияга муктаж. Сабалган студенттер жатакананын жана университеттин администрациясына кайрылып, ондуу жооп ала алышкан эмес.

Андан тышкары Тажикстандын Орусиядагы элчилигине телефон аркылуу кайрылышкан, алар кайра байланышууну убада кылып, ал аткарылбаганын маалымдашты.

Соңку жумада Орусиянын ар кайсы аймактарында тартип коргоочулар тажикстандык мигранттарды уруп-сабаганы чагылдырылган видеолор байма-бай жарыяланып жатат.

XS
SM
MD
LG