Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

УКМК кыргыз-өзбек чек арасында пара алып жүргөн чек арачылар кармалганын билдирди


Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде жүргүнчүлөрдөн пара алып жүргөн деген шек менен бир нече чек ара кызматкери кармалганын 22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Чек ара кызматынын «Кайтпас» жана «Өтүкчү» өткөрмө бекеттеринде 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголгон иштин алкагында тинтүү жүргүзүлүп, алдын ала “пара” деген белги коюлган акча каражаттары табылган. Шектүүлөр “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, мыйзамсыз түрдө материалдык пайда алуу максатында жана өз кызыкчылыктарын көздөп, өткөрмө бекеттеринен өтүп жаткан адамдарды арам ниетте атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, кыргыз-өзбек чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан”.

УКМК алар акча берүүдөн баш тарткандарды ар кандай шылтоо менен паспорттук көзөмөлдөн өткөрбөй, акча төлөөгө мажбур кылып жүрүшкөнүн белгиледи.

Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына Чек ара кызматынын төрт кызматкери камакка алынганы маалымдалды.

Чек ара кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекети бар. (RK)

XS
SM
MD
LG