Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

Берлин орус оппозиционерлери ууландырылган деген маалыматты иликтейт


Берлиндеги "Шарите" клиникасынын имараттарынын бири.
Берлиндеги "Шарите" клиникасынын имараттарынын бири.

Берлин полициясынын Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгы апрелде орус оппозициясынын конференциясындагы катышуучулар ууландырылышы ыктымал деген маалыматты иликтей баштады. Бул тууралуу полициянын өкүлү "Свобода" радиосунун жана Welt am Sonntag басылмасынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Буга чейин "Агентство" басылмасы Германиядагы конференцияга катышкан эки орусиялык жаранда уулануунун белгилери болгонун жазган.

Орус опозициясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Германиянын борбору Берлинде апрелдин соңунда өткөн. "Агентство" жолугушуунун эки катышуучусу өздөрүн жаман сезгенин жазган. Алардын бири "Эркин Орусия" фондунун башчысы Наталия Арно, экинчиси - жакында эле Орусиядан чыгып кеткен журналист. Анын ысымы ачык айтылган эмес.

Басылманын жазганына караганда, алар конференция башталганга чейин эле өздөрүн жаман сезип жаткан. Арно учурда өзү жашаган АКШдагы ооруканага, ысымы аталбаган журналист Берлиндеги "Шарите" клиникасына кайрылганы белгилүү болду.

Бул ооруканада ар кайсы убакта уулануу белгилери менен түшкөн орус оппозиционери Алексей Навальный менен "Медиазонанын" басылмасынын негиздөөчүсү Петр Верзилов дарыланышкан.

"Агентство" Арнонун ыктымал ууланышы боюнча фактыларды АКШнын Федералдык тергөө бюросу иликтеп жатат. Аталган департамент бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG