Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:45

Украинанын тышкы иштер министри Кытайдын өкүлү менен жолугушту


Дмитрий Кулеба жана Ли Хуэйдин жолугушуусу. Киев, 17-май, 2023-жыл
Дмитрий Кулеба жана Ли Хуэйдин жолугушуусу. Киев, 17-май, 2023-жыл

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киевде Кытайдын орус-украин согушун жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту. Бул тууралуу украин тышкы саясий мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, Кулеба Украинанын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө негизделген тынчтык орнотуу принциптерин айтып берди.

"Украина өз аймактарын жоготуу же жаңжалды ошол бойдон калтыруу тууралуу сунуштарды кабыл албайт", - деп белгиледи министр.

Кулеба муну менен катар Бээжиндин Владимир Зеленскийдин тынчтык формуласына катышуусу маанилүү экенин айтты. Президент өлкөнүн 1991-жылкы чек араларына кайтуусун, Киевге репарациялардын төлөнүшүн жана согушту ачкан адамдарды трибуналга тартууну талап кылууда. Кытай жыл башында сунуш кылган тынчтык демилгесинде ок атышууну токтотуу тууралуу кеп болуп, жогорудагы шарттар камтылган эмес.

Кытай 15-майдан тарта Украина, Орусия жана айрым Европа өлкөлөрүнө атайын чабарманын жиберери маалымдалган. Ли Хуэй 2009-2019-жылдары Кытайдын Москвадагы элчиси болгон. Дипломат жабык режимдеги сапарынын алкагында калган өлкөлөрдү да кыдырып чыгат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган 12 пункттан турган сунушта Киев менен Москва ортосундагы диалогду жандандыруу, талкууга отуруу керектигин белгилеген.

Украина, Еврошаркет жана АКШ ал докуменетти реалдуу план катары эмес, Бээжиндин позициясы тууралуу билдирүү катары кабыл алышарын айтышкан.

XS
SM
MD
LG