Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Электр тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турарын бүгүн 11-майда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы 23 тыйындык жогорулоо энергокомпаниялардын бюджетине 2,4 миллиард сом алып келет деп болжолдонууда:

“Тариф мындан ары бир жылда бир жолу өзгөртүлүп турат. Быйылкы 2023-жылдын өзгөрүүсү азырынча ушул, андан башка жогорулоо болбойт. Өнөр жай абоненттери үчүн өзүнчө коэффициенттер бар, ал такталат. Андан башка болбойт”.

1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 30% жогорулады. Калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болду. Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

Калктын аз камсыз болгон катмарларына мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү, ал эми ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган.

Жыл сайын инфляцияга жараша жогорулап турушу керек болгон электр энергиясынын тарифи 2015-жылдан бери саясий себептерден улам өзгөртүлбөй келгенин 2-майда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG