Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Өкмөт соттук карыздар боюнча чектөөнүн өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салуучу соттук карыздын өлчөмүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин көбөйтүүнү Министрлер кабинети сунуштап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттерге жазды.

"Министрлер кабинетинин расмий позициясы - чектөөлөрдүн өлчөмү 50 миң же 100 миң сом болушу керек", деп жазды Байсалов.


Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыргызстандыктарга сыртка чыгууга тыюу салуучу чектөөнү 10 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылган. Депутат мамлекетке, банктарга жана башка карызы оң миң сомдон ашып кеткен жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салынса туура болорун айткан. Бекешев карызын ошол жерден терминал аркылуу төлөгөн жарандын чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү зарылдыгын да белгилеген.

Сот аткаруу департаментинин маалыматына караганда, 2022-жылы 180 миңден ашуун адамдын соттук карыздары катталган. Алар - банктардан алган насыяларын кайтарбаган, мамлекетке салык боюнча карыз болгон, балдары үчүн алименттерин жана ар кандай мүнөздө салынган айып пулдарын төлөбөй жүргөндөр. Арасында жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаар" долбоорунун видеокамерасына илинип, бирок айып пул салынганын билбей, 1000 сомдук айып пулдун айынан чет өлкөлөргө чыга албай калгандар да бар.

Мыйзамга ылайык, сот чечимдеринин негизинде карызы бар жарандардын темир жол, автоунаа жана аба жолдору аркылуу өлкөдөн чыгуусуна бөгөт коюлган. Аталган карыздары төлөнмөйүнчө алардын ысымы Мамлекеттик чек ара кызматынын базасынан өчүрүлбөйт.

Карыз жана бөгөт тууралуу маалыматты Сот аткаруу департаментинин сайтынан жеке идентификациялык номур аркылуу текшерүүгө болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG