Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:24

Бишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 2-майда саат 11:00дө Бишкек шаарындагы №4 мектеп-гимназиясына бомба коюлганы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук миилициянын ыкчам-тергөө тобу мектеп окуучуларын жана мугалимдерди толугу менен эвакуациялап, имаратты курчоого алган. Учурда мектепте Ички иштер министрлигинин кинологдору иштеп жатат.

26-апрелде да Бишкектеги бир катар мектептерге бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар сыртка чыгарылган.

Ага чейин 18-20-апрель күндөрү да борбор калаадагы бир катар окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мындан улам бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор барган. Текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон.

Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүү тараткандарды аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук катты жөнөткөн аккаунт Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалыматтар бар. (TAb)

XS
SM
MD
LG