Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Ак үй: Орусия соңку беш айда Бахмутта 20 миңдей аскеринен ажырады


Бахмут. 2023-жылдын апрель айы.
Бахмут. 2023-жылдын апрель айы.

Соңку беш айда эле Украинанын Бахмут шаарынын аймагында 20 миңге жакын орусиялык аскер жок кылынганын, дагы 80 миңдейи жараат алганын 1-майда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби америкалык чалгын мекемесинин маалыматына таянып билдирди. Анын айтымында, Орусиянын бул аймактагы кыймылы азыр дээрлик токтоп калды.

Кирби каза болгондордун жарымы “Вагнер” жалданма аскердик компаниясынын өкүлдөрү экенин кошумчалады.

Орусия АКШнын бул билдирүүсүнө комментарий бере элек.

2022-жылдын февраль айында Украинага кол салган орусиялык бийлик каза болгон аскерлеринин санын акыркы жолу ошол жылдын сентябрында жарыялап, сөз 6 миң чамалуу адам жөнүндө гана болуп жатканын билдирген.

«Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болгондор тууралуу так маалымат айткан эмес, бирок жоготуулар көп экенин моюнуна алган.

Ал эми Украинанын жоготуулары жөнүндө эч нерсе айтпаганын Кирби “контрчабуулга камданып жаткан союздашынын түйшүгүн татаалдаштыргысы келбегени” менен түшүндүрдү.

"Би-Би-Синин" ачык маалыматтарга таянып жазганына караганда, Украина согуш башталгандан бери кеминде 22 миңдей аскеринен айрылды. (RK)

XS
SM
MD
LG