Жалал-Абадда Курманбек баатыр атындагы балдар лицейи шаардын мэриясы жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аттуу китеп окуу сынагын өткөрдү.
Сынак мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер арасында уюштурулуп, ага жалпы 290 адам катышты.
Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.
Аталган сынакты өткөрүүгө шаар бюджетинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. (TB)