Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Орусиянын ракета соккусунан курман болгондор 17ге жетти


Каргашадан кийин бала көтөрүп бараткан аял.
Каргашадан кийин бала көтөрүп бараткан аял.

Акыркы суткада Орусиянын Украина аймагына жасаган ракеталык чабуулунан набыт болгондор 17 кишиге жетти. Алардын 15и Уман шаарынын тургундары, арасында эки бала бар экенин Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди.

Андан тышкары, Днепрде бир аял эки жашар кызы менен набыт болду.

Президент Владимир Зеленский каргашаны "орус террорунун түнү" деп айыптады.

Жумага караган түнү бүткүл Украинада абадан эскертүү жарыяланган. Орусиянын канаттуу ракеталары карапайым эл жашаган турак жайларды бутага алган.

Расмий маалыматка ылайык, ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир подъезд талкаланган.

Уман Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Черкассы облусунда, фронт сызыгынан алыс жайгашкан.

Эксперттер Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөткөнүн айтып жатышат. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады.

Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачканы орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүп турат.

XS
SM
MD
LG