Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:15

Судан: ок атышпоо режимине карабай айрым жерлерде салгылашуу уланууда 


Судан.
Судан.

Суданда 72 сааттык ок атышпоо режимине карабай, айрым жерлерде салгылашуу уланууда. Би-Би-Синин кабарчысы Хартумдун четинен туруп билдиргендей, телерадиоборбордун жанында уруш болуп жатат.

Маалымат каражаттары дарыгерлер жетишсиз экенин, калк тамак-ашка, акчага муктаж экенин жазууда.

Башкы штабдын жетекчиси Абдел Фаттах ал-Бурхан элдештирүү мөөнөтүн узартууга чакырды. Алгачкы ок атышпоо келишими жума күнү аяктайт. Ал-Бурхан согушуп жаткан тараптарды Жуба шаарында жолуктурууну сунуштады.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Түрдүү маалыматтарда Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, төрт миңдейи жаракат алганы айтылат.

Чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүн мамлекеттен чыгарып жатышат.

XS
SM
MD
LG