Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

Херсон: украиналык журналист окко учуп, италиялык кабарчы жараат алды


Украинанын Херсон облусунда италиялык La Repubblica басылмасынын кабарчысы Коррада Зуниного согушту чагылдырууга жардам берип жүргөн украиналык журналист Богдан Битик мерт болду. Зунино ийнинен жараат алды. Аталган басылманын билдиришинче, журналисттерди Антонов көпүрөсүнүн анча алыс эмес жерде көзгө атарлар бутага алган. Алар "пресса" деген жазуусу бар күрмө кийип жүргөн.

Украинанын Башкы прокуратурасы бул окуяга байланыштуу иликтөө баштады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба италиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына кол салууга орусиялыктар жооптуу экенин билдирди. Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни украин бийлиги менен бирге Зунинону мекенине кайтарууга аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Москва бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Журналисттердин эл аралык федерациясынын эсебинде, Орусия Украинага согуш ачкандан бери 12 журналист мерт болду, дагы 18и жаракат алды. Набыт болгондордун арасында "Азаттыктын" украин кызматынын Киевдеги кабарчысы Вера Гирич дагы бар.

XS
SM
MD
LG