Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Орусияда жол кырсыгына кабылган үч кыргызстандык боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жол кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын бирөө каза болгонун, экөө оор абалда ооруканада жатканын 26-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 25-апрелде Екатеринбург-Щадринск-Курган автожолунда болгон.

Honda Fit автомашинасын айдап бараткан кыргызстандык каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу Hyundai машинасы менен сүзүшкөнү, жүргүнчүлөрдүн бири – 34 жаштагы эркек ошол жерден көз жумганы, ал эми 38 жаштагы айдоочу менен 24 жаштагы жүргүнчү кыз Щадринск шаарынын ооруканасына жеткирилгени, экөөнүн тең абалын доктурлар туруктуу оор деп баалап жатышканы кабарланды.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Каза болгон адамдын туугандары менен байланышта болуп, сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү аракети көрүлүп жатканын ТИМ билдирди.

Былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген, алардын 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

2021-жылы, ТИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG