Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

"Азаттыктын" иши: Лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис маалымат берди


Жийде Семенова.
Жийде Семенова.

“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүгө негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова экспертиза кандайча жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Семенова экспертизанын түрлөрү болорун, “Азаттык” боюнча жөнөкөй лингвистикалык экспертиза дайындалгандыктан аны өзү жалгыз жүргүзгөнүн, сөз болуп жаткан көрсөтүүнү башынан аягына чейин көрүп чыкканын, эфир орусча болгондуктан корутунду орус тилинде даярдалганын билдирди:

"Лингвистикалык белгилерди аныктайбыз – текстти, контекстти конфликттик жана коммуникативдик кырдаалда багытына жараша маани-маңызын талдап, чечмелеп беребиз. Эгер бир багытта болсо, бир экспертке тапшырылат, комиссиялык болсо бир эле багыттагы эки же андан көп экспертке, ал эми комплекстик болсо ар башка багыттагы эксперттер дайындалат. Комиссиялык эмес экспертиза дайындалгандыктан мен өзүм жалгыз изилдөө жүргүзүп, корутунду бердим. Текст толук, изилдөөгө жетиштүү болду. Эгер жетишсиз болсо изилдөөгө мүмкүн эмес эле”.

Жийде Семенова филология илимдеринин кандидаты. Ал лингвистикалык экспертизаларды 2015-жылдан бери жүргүзүп келерин, жалпысынан 500дөй корутунду чыгарып бергенин кошумчалады.

Бүгүн 26-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму өтүп жатат.

Соттук жараянда “Азаттык Медианын” адвокаты Тимур Султанов “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрында чыккан түз эфириндеги видеоматериал боюнча чыккан лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышууга убакыт берилди.

Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG