Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Казакстанда атайын кызматтын мурдагы аткаминери алты жылга соттолду


Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Алматы шаардык департаментинин мурдагы башчысы алты жылга соттолду.

Алмалы райондук соту "Н.М. аттуу жаран "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренеси менен соттолгонун, анын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө 10 жылга тыюу салынып, генерал-майор наамы жокко чыгарылганын" кабарлады.

Жергиликтүү басылмалар кеп УККнын Алматы шаардык департаментин 2022-жылдын январына чейин башкарган Нурлан Мажилов жөнүндө болуп жатканын жазышты.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Мажиловдун иши териштирилип жатканын былтыр февралда билдирген. Бирок иштин чоо-жайы тууралуу маалымат берилген эмес.

Быйыл 7-апрелде Талдыкоргон шаардык соту УККнын Алматы облустук департаментинин мурдагы башчысы Сабит Курманалиевди "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Январь окуялары маалында департаменттин имаратын коргоо чараларын көрбөй, жеке курамга кызматтык жана жашыруун документтерди жок кылууга буйрук берген.

Буга чейин Январь окуялары маалында кызматтык милдеттерин аткарган эмес деген айып менен Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 12 жылга соттолгон.

24-апрелде Астана соту Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовду 18 жылга, анын мурдагы үч орун басарын үч жылдан 16 жылга чейин абакка кескен.

XS
SM
MD
LG